• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси ТҮРКСОЙдун "Чыңгыз Айтматов" медалы менен сыйланды

Коом 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев ТҮРКСОЙдун "Чыңгыз Айтматов" медалы менен сыйланды. Бул тууралу ТҮРКСОЙдун маалымат кызматы билдирет.

Элчиге медалды Түрк маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүйсен Касеинов тапшырган. Ошондой эле ага белек катары атайын жасалган куттуктоо тактасы (плакет) жана ТҮРКСОЙ тарабынан жарык көргөн Каныбек Иманалиевдин "Кыргыздар" китеби берилген.

"Элчилик имаратында болгон жолугушууда Дүйсен Касеинов сөз сүйлөп, бул барктуу медаль Кубанычбек Өмүралиевдин 60 жашка толгондугуна байланыштуу берилип жаткандыгын белгилөө менен ага чын жүрөктөн чыккан каалоолорун жолдоду. Анын айтымында, Кубанычбек Өмүралиев элчи катары ар дайыма ТҮРКСОЙдун маданий иш-чараларын колдоого алып келет. Ошондой эле кези менен дүйнөлүк масштабдагы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду даңазалоо иш-чараларын уюштуруп жүргөнү ырас. Маселен, үстүбүздөгү жылы элчилик тарабынан Анкара шаарынын Кечиөрен аймагына Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулуп, чоң деңгээлде ачылыш аземи өткөрүлгөн", - деп билдирет ТҮРКСОЙ уюму.

Өмүралиев ТҮРКСОЙ жамаатына туулган күнү менен куттуктагандыгы жана Чыңгыз Айтматов медалын тапшыргандыгы үчүн чоң ыраазычылыгын билдирген.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчисинин кеңешчиси Айбек Акаев мырзалар катышкан.

Пикир

Оставить комментарий