• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын түрмөлөрүндө 11 миң 296 адам жаза өтөп жатат, алардын 14ү балдар

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелеринде 11 миң 296 адам бар.

Ведомствонун маалыматына караганда, анын ичинен СИЗО-1де 1 миң 950 адам, ИК-6да 6 миң 816 киши, КП-2де миң 530 адам (издөөдө 1 миң 816 киши) бар.

ЖАМКнын түзөтүү мекемелеринде жаза өтүп жаткан соттолгон адамдардын саны 6 миң 816ны түзөт. Адардын ичинен:

-Күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү колонияларында 2 миң 802 киши;

-Катуу режимдеги түзөтүү колонияларында 2 миң 986 адам;

-Дарылоо мекемелеринде 550 адам;

-Соттолгон аялдардын колониясында 341 адам;

-Өзгөчө режимдеги колонияда 123 адам;

-Тарбия берүүчү колонияда 14 жашы жете элек адам бар.

Пикир

Оставить комментарий