• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын түрмөлөрүндө ВИЧ илдетин жуктуруп алган 323 адам бар

Ден соолук 0

Бишкек, 05.07.18. /Кабар/. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жабык мекемелеринде бүгүнкү күндө камакта 323 ВИЧ илдетин жуктуруп алган адам бар. Бул тууралуу Кылмыш-аткаруу системасын реформалоо боюнча координациялык кеңештин отурумунда ЖАМКнын медициналык башкармалыгынын башчысы Назгүл Солтобекова билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинде АРВ-терапиясын алгандар 292ни түзөт. Н.Солтобекова билдиргендей, Кыргызстандын колонияларында 152 кургак учук менен ооруган адам бар.

“Кургак учуктун жугуштуу экени эске алынып, мындай оорулуулар №31 колониядагы ооруканада дарыланып жатышат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий