• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын түрмөлөрүндө экстремизм үчүн айыпталган 558 адам отурат

Коом 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын түрмөлөрүндө экстремизм үчүн айыпталган 558 адам отурат. Бул тууралуу “Абактарды натыйжалуу башкаруу боюнча Борбор-Азия диалогу” аттуу эл аралык жыйындын алкагында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Айваз Кадыров билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 96сы тергөө абактарында, 164тү жабык мекемелерде, 206сы жатак абактарда, ал эми 16сы өмүр бою абакта кармала тургандар.

“Жаза аткаруу инспекциясында 92 адам катталган. Экстремизм мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгон адамдардын көбүн өзбектер менен кыргыздар түзөт. Дээрлик баары бир тил, бир менталитет болгон эски Советтик союздун өлкөлөрүнүн жарандары. Экстремизм үчүн сотолгондордун көбү эркектер, арасында 13 аял бар”, - дейт Кадыров.

Айваз Кадыров белгилегендей, соттун чечими менен абакта кармалуу мөөнөтү орто эсеп менен 5тен 10 жылга чейин.

Пикир

Оставить комментарий