• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын төрт ири шаарында заманбап өрткө каршы-куткаруу бөлүгү курулууда

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын төрт ири шаарында заманбап өрткө каршы-куткаруу бөлүгү курулууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Чолпон-Ата шаарларында курулуп жаткан өрткө каршы-куткаруу бөлүгү 2022-жылы эксплуатацияга берилет.

“Бөлүктөрдү атайын техника менен камсыздоо, кызматкерлерди окутуу боюнча келишимге кол коюлган. Жумуштар аяктап калса, кызматкерлерди тартуу иши жүрөт. Бишкектеги курулуп жаткан бөлүк октябрь айынын аягында иштей баштайт”, - дейт ал.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, ӨКМ кызматкерлери үчүн былтыр 1 миң 250 комплект атайын кийим-кече алынса, 2021-жылы 1 миң 100 аскер кызматкери ведомстволук форма менен камсыздалды.

Пикир

Оставить комментарий