• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын түштүгүндө 1-июнга карата 1000 ден ашык бала белек алды

Коом 0

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрилиги 1-июнга карата Өзгөн шаарында 600гө жакын балага майрамдык иш-чара уюштурушту.

Мекеменин маалыматына караганда, селден жабыр тарткан Зергер жана Жалпак-Таш айылдарындагы жапа чеккен үй-бүлөлөрдөн 592 бала жана М.Раззаков атындагы жетим жана кароосуз калган балдардын жатагынын тарбиялануучулары КР Өкмөтүнөн окуу куралдарын алышты.

Балдар үчүн Бишкек циркинин жана кыргыз эстрадасынын жылдыздары өнөрлөрүн тартуулашты. Андан сыркары акысыз аттракциондору уюштурулду.

КР Билим жана илим минстрлиги мындай иш-чараны Чоң-Алай районунун Жекенди жана Карамык айылдарында да уюштурушту. Ошондой эле, 696 бала окуу куралдарын алышты.

Пикир

Оставить комментарий