• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстандын түштүгүндө чек арачылар мамлекеттик чек араны бузгандарды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 20-февралб /Кабар/. Кыргызстандын түштүгүндө чек арачылар мамлекеттик чек араны бузгандарды кармады деп билдирди КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 19-февралында КР Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад башкармалыгынын чек арачылары мамлекеттик чек араны бузгандарды кармаган. Өзбекстандын жараны Сузак районунун Бараж жергесинен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара көзөмөл пунктун кыйгап өтүүгө аракет кылган учурда кармалган.

Ушул эле күнү чек арачылар “Ош-аэропорт” көзөмөл-өткөрүү пунктунан мамлекеттик чек араны бузууга аракет кылган КР жаранын кармашкан.

№3290 рейсине каттоодо 1999-жылкы А.Н. аттуу КР жараны чек арачыга тууганынын ID-card паспортун көрсөтөкөн. Анын айтымында, ал Новосибирс шаарына иштөө максатында учууга аракет кылган.

Кармалгандар КР УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий