• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын түштүгүндө эки жолу жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Кыргызстандын түштүгүндө эки жолу жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 6-май күнү саат 17:39да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Ак-Босого айылында-3 балл, Арча-Булак,Сары-Таш айылдарында-2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле 7-май күнү саат 01:45те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Эркечтам айылында 3 балл, Нура, Икизяк айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий