• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын түштүгүндө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 19-ноябрда саат 07:01де Кыргызстандын аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КРнын сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Ачык-Суу айылынан батышка карай 6 чакырым, Жар-Башы айылынан түштүк-чыгышты карай 28 чакырым, Кызыл-Кыя шаарынан түштүк-чыгыш карай 90 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү Ачык-Суу айылында 3 баллга жакын, Кабык айылында 2,5 баллга жакын сезилген.

Пикир

Оставить комментарий