• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын түштүгүндө “Коопсуздук" жана "Калыптоо” машыгуулары өтөт

Коом 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабында “Коопсуздук-2021” жана “Калыптоо-2021” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусуна даярдыктар башталды. Бул тууралуу Куралдуу Күчтөрдүн маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган маневрлардын темасы - республиканын өзүнчө аймактарында өзгөчө абал жана аскердик абал киргизилген шарттарда аскердик органдардын, мамлекеттик башкармалыктардын жана өзүн-өзү башкаруу органдарынын иштери жана аскердик түзүмдөрдүн практикалык мобилизациялоосу жана курчуган кырдаалдагы шарттарда күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу болуп саналат.

Машыгууга Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдары, өкмөттүн аппаратынын Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Баткен областынын райондорунун мамлекеттик администрациялары, Баткен шаарынын мэриясы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык кошуундары, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана КР Саламаттыкты сактоо министрлиги катышат.

Машыгууга 2 миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобилдер, брондолгон жана атайын техникалар, 20га чейинки артиллериялык системалар, 10го жакын авиациялык техникалар тартылат.

“Коопсуздук–2021” жана “Калыптоо–2021” машыгуулары 2021-жылдын 30-мартынан, 1-апрелине чейин Баткен, Ош жана Жалал-Абад областарынын аймагында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий