• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын түштүгүндө памирлик кыргыздардын айылы түптөлүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 12.02.19 /Кабар/. Кыргызстандын түштүгүндө памирлик кыргыздардын айылы түптөлүшү мүмкүн. Бул тууралуу “Кабарда” өткөн маалымат жыйында Миграция кызматынын тышкы миграция боюнча бөлүмдүн башчысы Улан Шамшиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга этникалык кыргыздарды көчүрүү иштери уланып, башка өлкөлөрдө жашаган мекендештерибизге жардам көрсөтүү аракеттери уланат. Ошондой эле Памирден келген кыргыздарга өкмөт баардык жардамды берип жатат.

Шамшиевдин маалыматы боюнча, Памирден келген кыргыздарды республиканын түштүк бөлүгүнө көчүрүү планы бар. Аларга айыл түптөп берүү үчүн жер да табылган.

Эске салсак, Афганистандын Памир аймагын байырлап калган кыргыздардын 30дан ашыгы Кыргызстанга көчүрүлүп келген. Алар Нарындын Куланак айылында жаңыча жашоого ылайыкташуу сыноосунан өтүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий