• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын түштүгүндө сел жүрүшү ыктымал

Коом 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын түштүк аймагында сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-апрелде нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги аймактарынын төмөн жерлерин суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий