• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. Ош жана Баткен облустарынын чектеш аймагында жер титирөө болгонун Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-мартта саат 05:39да очогунда күчү 3,5 балл болгон жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында катталган.

Тактап айтканда, жер титирөөнүн очогу Кара-Тейит айылынан түштүк-батышка карай 38 чакырым, Карамык айылынан түштүк-батышка карай 40 чакырым, Шибээ айылынан түштүк-батышка карай 48 чакырым, Баткен, Ош шаарынан түштүк-батыш тарапты карай 185 чакырым аралыкта жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий