• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 05.01.18 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстандын түштүгүндөгү Алай тоо кыркаларында түнү күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан кабарлашты.

Жер титирөөнүн күчү Кара-Тейит жана Карамык айылдарында 2-2,5 баллга жеткен. Институттун берген маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу КРдин аймагында болуп, аталган айылдардан 26-28-чакырым аралыкта жайгашып, күчү 3,7 баллга жеткен. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Эске сала кетсек, 2018-жылы биринчи жер титирөө 4-январда катталып, Жалал-Абад жана Ош облустарында сезилген. Жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга, калк жайгашкан аймактарда 2-2,5 баллга жеткен.

Пикир

Оставить комментарий