• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын тай боксу боюнча курамасы Азия оюндарына даярданууда

Спорт 0

Бишкек, 07.09.17 /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын тай боксу боюнча федерациясынын курама командасы учурда Азия оюндарына кызуу даярданып жатышат. Машыгуулар Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында өтүүдө. Бул тууралуу федерациянын президенти Елена Шевченко билдирди.

Машыгуудан өтүп жаткан спортчулар, Ислам Осмонбаев, Арген Керимбеков, Элазан Замирбеков, Бекжан Матысаев, Эльнур Анваржан уулу, Тимур Маматисаков жана Али Беляев.

“Машыгуу лагеринде күчөтүлгөн тартипте машыгуулар өтүүдө. Таң кросс жасоо менен башталат, эртең мененки тамактануудан кийин биринчи машыгуу, кечки тамак алдында – экинчи машыгуу. Спортчулар ар кандай ыкмаларды күнүнө 7 сааттан үйрөнүшүүдө”,-деди ал.

Эсеп боюнча бешинчи Азия оюндары Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) 17нен 27-сентябрга чейин өтөт.

Пикир

Оставить комментарий