• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын таяк тартыш боюнча курамасы эл аралык мелдеште 4 алтын медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча улуттук курама командасы Огайо штатынын Коламбус шаарында өткөн Arnold Classic эл аралык мелдешинде 4 алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 3-5 март күндөрү өтүп Кыргызстандын атынан үч спортчу катышкан.

Кыз-келиндер арасында 75 кг салмак категориясында катышкан Дилбара Иманкулова, 95 кг салмакта Азамат Асанов алтын медалга ээ болду. Ал эми 120 кг салмакта катышкан Келдибек Атайбек уулу бир алтын, абсолюттук салмакта дагы бир алтын медаль тагынды.

Пикир

Оставить комментарий