• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги кол өнөрчүлүк, тамак-аш фестивалына катышты

Коом 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги эл аралык кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак-аш фестивалына катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, фестиваль «Суу – 2018-2028-жылдарга туруктуу өнүгүү үчүн» иш-аракеттердин эл аралык он жылдыгына карата Экинчи жогорку деңгээлдеги эл аралык конференциянын алкагында уюштурулду.

Иш-чарага Душанбе шаарындагы дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, чыгармачыл топтор жана Экинчи эл аралык жогорку деңгээлдеги конференцияга катышкан мамлекеттердин делегация башчылары катышты.

Фестивалда Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги улуттук тамак-аштарды, сувенирлерди, ошондой эле Кыргызстандын туризми, экспорттук потенциалы жана маданияты тууралуу маалымат камтыган стенд тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий