• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинде ыкчам байланыш линиясы ачылды

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяларга байланыштуу Тажикстан Республикасынын аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын консулдук-укуктук жардам алуу зарылдыгы келип чыккан. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Ага байланыштуу КР ТИМ Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы элчилигинде күнү-түнү иштөөчү ыкчам байланыш номерин уюштурулган: (+992) 887 782 223;

Кыргызстандын Тажикистандагы элчилигинин консулдук бөлүмү: (+992) 411 00 00 52; e-mail: kg@kgembassy.tj;

Ошондой эле консулдук-укуктук багыттагы керектүү маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинде ыкчам байланыш номери: +996 551 312 000 күнү-түнү иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий