• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын темир жолчулары коронавирус илдети менен күрөшүүгө акчалай колдоо көргөздү

Коом 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Темир жолчулар коронавируска каршы күрөшүү максатында Каржы министрлигинин атайын эсебине 1 млн 245 миң 900 сом которду. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

“Бул каражат беш миңге жакын темир жолчулардын бир күндүк эмгек акысы жана анын ичинде ишкананын жетекчиси Канатбек Абдыкеримовдун бир айлык эмгек акысы”, - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Кыргыз темир жолунун ишмердүүлүгү күнү-түнү жүрүп жатат жана жүк ташуучуларды маалымдап туруу максатында ишеним телефону (0312-927565) иштейт.

Басма сөз кызматы кошумчалагандай, жүк ташуучуларды вагондор менен камсыз кылуу жана жүк ташууларды үзгүлтүккө учуратпоо максатында «Кыргыз темир жолу» штаттык режимде иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий