• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын тергөөчүлөрү жарандардан көрсөтмө алууга окутулат

Коом 0

Бишкек, 28.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын эки милция бөлүгүндө укук коргоо органдары менен жарандардын өз ара аракеттешүүсү боюнча долбоор киргизилет. Бул тууралуу “Кыйноо жана зомбулуктун курмандыктарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо” эл аралык конференциясында Борбор Азиядагы Эл аралык абак реформасы өкүлчүлүгүнүн аймактык директору Азамат Шамбилов билдирди.

Ал милиция тилкелери Ош жана Чүй облустарында тандаларын белгиледи. “Биз милицияларды жарандарга кандай мамиле кылуу керектигине үйрөтөбүз”, - деди ал.

Кыргызстанда дагы бир долбоор ишке киргизилүүдө – тергөөчүлөр менен жарандардан көрсөтмө алуу маселелери боюнча иштөө.

“Биз тергөө интервьюсун өткөрүүнү аныктаган бүткүл дүйнөлүк тажрыйбаны, тактап айтканда көрсөтмө алуунун жаңы ыкмасын киргизе баштадык. Бул ыкма БУУ тарабынан кыйноого каршы таасирдүу ыкмалардын бири катары таанылган. Бул интервьюларда жаңы жабдуу колдонулат: үн жаздыруучу кассета жана видео тасма. Бул системаны киргизүү үчүн Улуу Британиядан эксперттер чакырылган. Мында ушул ыкма аркылуу 70-жылдары кыйноо маселелерин жокко чыгарышкан”, - деп кошумчалады ал.

Каржылоо суммасы 800 миң еврону түзөт. Алардын ичинен 95% Европа биримдиги, 5% Эл аралык абак реформасы тарабынан бөлүнгөн. Долбоор үч жылга эсептелген.

Пикир

Оставить комментарий