• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын ТИМ башчысы менен АКШнын мамкатчысы визалык чектөөлөрдү жокко чыгарууну талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жолугуп, визалык чектөөлөрдү жокко чыгарууну талкуулашты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу күн мурун, 3-февралда Ташкент шаарында өткөн.

Жолугушууда тараптар КР менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жолдорун, анын ичинде, кыргыз жарандарына карата АКШ тарабынан киргизилген визалык чектөөлөрдү жокко чыгаруу боюнча биргелешкен кадамдарды талкуулашкан.

"Америкалык тараптын жогоруда айтылган чечими түздөн-түз КР жарандарынын кызыкчылыгын козгоп жаткандыгын министр Айдарбеков дагы бир ирет баса белгиледи. Министр биометрикалык паспорт киргизилбеген 80ден ашуун өлкө бар экендигин айтып, визалык чектөө болсо тандалма түрдө айрым гана мамлекеттерге анын ичинде Кыргызстанга киргизилгендигине таң калуусун билдирди. Бул парламенттик демократиянын өнүгүүсүн ишке ашырып келе жаткан Кыргыз Республикасы үчүн өнөктөштүк колдоого жатпайт", - деп айткан өз сөзүндө Чыңгыз Айдарбеков.

Ошондой эле КРнын тышкы саясий мекемесинин жетекчиси Кыргызстан эл аралык коопсуздукту камсыз кылууга жигердүү катышкан мамлекет экендигин баса белгилеп, терроризм менен күрөшүүдө өз салымын кошту жана учурда да кошуп жатат деп билдирген.

"Аталган багытта тыгыз өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана түзүлгөн абалды чечүүнүн жолдорун издөө жөнүндө сүйлөшүү жетишилди. Тараптар эки жана көп тараптуу форматтардагы кыргыз-америка мамилелеринин бардык комплексин өнүктүрүү маанилүүлүгүн баса белгилешти", - деп кошумчалашты ТИМден.

Пикир

Оставить комментарий