• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын токой чарбасында биринчи жолу биогумус чыгаруу колго алынды

Коом 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын токой чарбасында биринчи жолу биогумус чыгаруу колго алынды. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда токой чарбаларда органикалык калдыктардан биогумус даярдоо жана колдонуу иш жүзүндө жүргүзүлүп башталды. Ушул максат менен баалуу органикалык жер семирткичти алуу үчүн пилоттук Уч-Коргон жана Кара-Кулжа токой чарбаларында атайын бетон чуңкурлар курулган.

Үч-Коргон токой чарбасында жер семирткичтерди өндүрүү боюнча иш-чаранын расмий ачылышына КРнын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Надырбек Козубаев , “Токой экосистемаларын интегративдуу башкаруу» директору Канат Жантаев, Үч-Коргон токой чарбасынын директору Абибилла Темирбаев, Кара-Кулжа токой чарбасынын директору Абдималик Алиев, ошондой эле 2 пилоттук токой чарбаларынын адистери катышты.

Биогумусту өндүрүү үчүн чуңкурга болжол менен 200 кг (компостту кошкондо) кызыл калифорниялык курттар салынган. Бетон чуңкур алдын ала кык, жалбырак, кургак чөп менен толтурулган, ошондой эле жогорку сапаттагы биогумусту алуу үчүн оптималдуу температураны жана нымдуулукту сактоо үчүн пленка менен жабылган.

"Бул биогумусту өндүрүү технологиясы токой чарбасында биринчи жолу колдонулуп жаткандыгына байланыштуу, бул тармактын адиси, Кыргызстанда 30 жылдан бери биогумусту өндүрүү менен алектенген Райхан Салиева кеңешүүгө жана практикалык жардамга чакырылган. Ал токой чарбасында биогумусту колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи, анткени биогумус топуракты керектүү азыктар жана элементтер менен камсыз кылат, өсүмдүктөрдүн өсүшүн жана түшүмдүүлүгүн жогорулатат. Ошол эле учурда, биогумустун берген таасири бир нече жылга созулушу мүмкүн, ал адамдарга, осумдуктор жана жаныбарлар үчүн таптакыр коркунучтуу алып келбейт. Аталган артыкчылыктардан тышкары, биогумус айлана-чөйрөнүн булганышынын кээ бир койгойлорун чечүүгө мүмкүндүк берет, мисалы биогумусту өндүрүүдө органикалык, тамак-аш жана өсүмдүк калдыктарын дагы колдонсо болот", - деп айтылат маалыматта.

Токой чарба кызматкерлери тарабынан биогумусту күнөсканаларда, питомниктерде сапаттуу көчөттөрдү өстүрүү үчүн, ошондой эле жашылдандыруу үчүн пайдалануу пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, Үч-Коргон токой чарбасынын базалык питомнигинин аймагында (6 гектар) биогумусту өндүрүү үчүн атайын бетон чуңкур курулган. Ошондой эле, ал жерде күнөскана (200м2) жана үй-кордон (61м2) курулууда, анын курулушу Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасынын Токой экосистемаларын интегративдуу башкаруу» долбоорунун техникалык колдоосу менен Токой чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий