• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү ыктымал

Коом 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 4-апрелинен 7-апрелине чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Бишкек-Нарын-Торугарт 289-305 чакырымында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 60-94 чакырымында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 65-90 чакырымында (Чон-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, айрым жерлерде жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий