• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-12-февраль аралыгында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Чүй облусу, Жайыл району, Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз автоунаа жолунун 1-14 чакырымдарында (Талас облусу, Талас району, Өтмөк ашуусу) кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Ошондой эле Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу (Ош облусу, Кара-Кулжа району) автоунаа жолунун 55-115 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Ийри-Суу тилкеси), 67-93 чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Кара-Гоо ашуусу), Арал-Миң-Куш автоунаа жолунун (Нарын облусу, Жумгал району) 1-10 чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Чапчыма ашуусу) жана Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун (Жалал-Абад облусу, Чаткал району) 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий