• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Коом 0

Бишкек, 06.03.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 5нен 9-мартына чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Алсак, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 70-75, 86-101 чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Андан тышкары, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Каракол- Эңилчек унаа 45-48, 65-90 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси Казарман-Актаа-Чат унаа жолунун 60-94 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий