• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Коом 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. 2020-жылдын 18-мартында абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-107-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий