• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

Коом 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. 2020-жылдын 2-мартынан 4-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга ошондой эле, абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Тактап айтканда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Арал-Миң-куш 1-10 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымында (Ийри-Суу участкасы), 63-93-чакырымында (Кара-Гоо ашуусу), Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 64-90 чакырымыдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий