• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

Коом 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. 2020-жылдын 1-апрелинен 3-апрелине чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.

Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 67-107 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 71-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93 чакырымында (Кара-Гоо ашуусу), Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий