• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

Коом 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу 30-31-январда Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий