• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталып турат — ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 14-мартынан 18-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталып турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, төмөнкү унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
  • Суусамыр-Талас-Тараз 1-14-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу);
  • Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 68-101 жана 108-113-чакырымдарында;
  • Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында;
  • Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында;
  • Бишкек-Нарын-Торугарт 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы);
  • Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 60-94-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу);
  • Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90-чакырымдарында.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эскерте кетсек, белгилүү бир жолдогу чектөөлөр тууралуу маалымат алуу үчүн ӨКМдин 112 кызматына кайрылууга болот. Чалуу акысыз.

Пикир

Оставить комментарий