• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 30-апрелинде жана 1-майынан 3-майына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-246 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунун 199-215 (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу), Ош-Сары-Таш-Эркештам автоунаа жолунун 165-179 (Талдык ашуусу) жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий