• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. 2020-жылдын 27-28-январында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Тактап айтканда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий