• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-12-апрелде жаап өткөн жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 71-75 (Чапчыма ашуусу), 200-215 (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-76, 86-88, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 286-306 (Долон ашуусу, Кара-Үнкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 67-93 (Кара-Гөө ашуусу), Ош-Сары-Таш автоунаа жолунун 161-179 (Талдык ашуусу) жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл, жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп муз тоңот.

Пикир

Оставить комментарий