• 86.15
  • 93.74
  • 1.24

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

289 кароо Коом 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 6-декабрынан 8-декабрына чейин жаап жана күтүлүп жаткан карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-75-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусуна кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Пикир

Оставить комментарий