• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 30-декабрынан 31-декабрына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында Чапчыма ашуусу, Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий