• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн — ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 26-мартынан 28-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымында (Өтмөк ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-76, 84-92-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-95-чакырымында, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун (Талдык ашуусу) 160-179-чакырымында, Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 136-137-чакырымында (Батман-Көл айылы), 147-150-чакырымында (Кара-Тейит айылы), Бишкек-Нарын-Торугарт 289-305-чакырымында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымында (Ийри-Суу тилкеси), 60-94-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий