• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-февралынан 26-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 68-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Арал-Миң-Куш автоунаа жолунун 1-10 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90 чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93 чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий