• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын топурак кыртышынын картасы түзүлөт. Ал эмне берет?

Коом 0

Бишкек, 04.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын топурак кыртышынын картасы түзүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргыз илим-изилдөө институтунун дыйканчылык боюнча улук илимий кызматкери Турусбек Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, учурда Жалал-Абад облусунун топурак кыртышынын картасы түзүлүүдө.

“Бул облус буга чейин Оштун курамына кирип, өзүнүн картасы болгон эмес. Жалал-Абаддын картасын түзгөндөн кийин Баткендин, анан Кыргызстандын картасын түзөбүз. Буга чейин топурак таануу илиминде жетишкендиктердин баарын ушул картада чагылдырабыз. Топурак кыртышынын картасы илимий документ болуп түшүндүрүлөт. Топурак кыртышынын асылдуулугунун деңгээли, анын физикалык, химиялык, агрохимиялык сапаттарын көрсөткөн керектүү документ. Анын мааниси – айыл чарбасында аткарылган иштердин баары ал картанын негизинде жүргүзүлөт. Муну түшүнүшүбүз керек”, - дейт ал.

Исмаилов бүгүнкү күндө дыйкан, фермерлер химиялык жер семирткичтердин пайда-зыянын билбей жатканына токтолду.

“Химиялык жер семирткичтердин пайдасынан зыяны көп. Фермерлер малдын кыгын эле колдонушса болот. Алсак, Кыргызстанда 2 млн ири мүйүздүү мал, 700 миң жылкы жана 8 млн кой бар. Ал эми айдоо жерибиз 1 млн 2 миң гектар эле. Малдын кыгы жетет экен, бирок аны жарандарыбыз колдонбой жатат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий