• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстандын товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 2021-жылдын он айында $5,7 млрд түздү

Экономика 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2021-жылдын январь-октябрында 5,7 млрд долларды түзүп, 2020-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 21,2 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери, коммуникациялар жана статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, мында экспорттук жөнөтүүлөр 19,7 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 43,7 пайызга жогорулады.

"КРнын ЕАЭБге мүчө мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 2021-жылдын январь-октябрында 2,7 млрд АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-октябрына салыштырганда 33,8 пайызга өстү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 35,3 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 33,3 пайызга жогорулаган", - деп түшүндүрдү ал.

Пикир

Оставить комментарий