• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын туристтик гиддери дүйнөлүк сертификациядан өтүп жатышат

Коом 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Каракол шаарында Кыргызстандын экскурсовод-гиддери үчүн Дүйнөлүк туристтик гиддер ассоциациялар федерациясынын эл аралык стандарттары боюнча тренинг өтүүдө. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирет.

Кыргызстандын бардык аймактарынан 25 гид катышып, машыктыруучулар үчүн курсун аяктап, WFTGA сертификатына жана “Машыктыруучу гид” статусуна ээ болушат.

Иш-чара гиддерди даярдоо курсу, теориялык курсту, Каракол шаарында экскурсияларды өткөрүү боюнча практикалык көнүгүүлөрдү да камтыды.

Катышуучулар баяндоо, туристтик жайларды чечмелөө жана туристтик топту башкаруу жөндөмдөрүн өркүндөтө алышты. Эл аралык тренерлер катышуучуларга сейилдөө, автобус жана музейлерди кыдыруунун негизги ыкмаларын үйрөтүштү.

“Тренингдин эң жакшысы – практикага басым жасоо. Мен бул ыкманы эң туура жана эффективдүү деп эсептейм. Теория менен практиканы айкалыштыруу окуу процессине зор ырахат менен аралашууга мүмкүндүк берди. Мурунку туристтик тажрыйбабыз менен WFTGA стандарттарын салыштырып, биз турларыбызды кантип жакшырта аларыбызды көрдүк”, - дейт Каракол шаарынан гид А. Акбашев.

Аталган тренингдин уникалдуулугу – аны WFTGA сертификаты бар машыктыруучулар, профессионалдуу жана активдүү туристтик гиддер тарабынан иштелип чыккандыгы болуп саналат. Эки жума бою машыктыруучулар, Геннадий Чудновец жана Махса Мотахар, Кыргызстандын гиддери менен Каракол шаарынын мисалында маданий турларды түзүүнүн жана өткөрүүнүн техникасы боюнча билимдерин гана бөлүшпөстөн, окуу процессин өнүктүргөн көп жылдык тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Натыйжасында катышуучулар профессионалдуу ыкмаларын үйрөнүп, ошондой эле туристтик гид кесибин тереңирээк өздөштүрүштү.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин колдоосу менен эл аралык уюмдар колдогон “Туруктуу кышкы туризмди өнүктүрүү долбоору”, “Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” долбоору жана “Дестинация Каракол” уюму менен биргеликте уюштурулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий