• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын туризм жаатындагы инвестициялык жагымдуулугу тууралуу презентациялар сунушталды

Экономика 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Кечээ, 17-февралда Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев онлайн инвестициялык вебинарга катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Япониядагы элчилиги, КР Тышкы иштер министрлиги жана Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин колдоосу менен, КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги, Япониянын Россия жана жаңы эгемендүү мамлекеттер менен соода жүргүзүү ассоциациясы (РОТОБО) тарабынан уюштурулган.

Япония тарабынан иш-чарага Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда, UNIDO өкүлү Икуэ Тошинага жана «Okinawa Relationship» өкүлү Шинсуке Тэраока катышты. Ал эми модератор катары Россия жана жаңы эгемендүү мамлекеттер менен соода жүргүзүү ассоциациясынын экономикасын изилдөө институтунун директору Мики Ваджима катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө КР мамлекеттик органдарынын катышуучулары туризм, айыл чарба жана адам ресурстарын өнүктүрүүдөгү инвестициялык жагымдуулук боюнча презентацияларды сунуш кылышты. Ошондой эле бизнес тармагынан «Томат КейДжи» ЖЧК, Studio CHAPANSAR, «Арония Фарм» ЖЧК, «Алыш-Дан Органик» кооперативи жана «Экопродукт Азия» ЖЧКсы тарабынан презентациялар жасалды. Компаниялар Япониянын бизнес тармагы менен кызматташтык өнүктүрүүнүн кең потенциалы тууралуу маалымат берди жана япон тарабы үчүн келечектүү бизнес сунуштарын билдиришти.

Инвестициялык вебинар Япония менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-сатык жана инвестицияларды жандандыруу максатында 2021-жылдын 1-февралынан 26-февралына чейин онлайн режиминде өткөрүлүп жаткан "Борбордук Азия - Виртуалдык ЭКСПО (CAVEX)" онлайн көргөзмөсүнүн бөлүгү болуп саналат.

"Борбордук Азия - Виртуалдык ЭКСПО (CAVEX)" онлайн платформасында Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы жөнүндө, ошондой эле «Томат КейДжи» ЖЧКсы, Studio CHAPANSAR, «Арония Фарм» ЖЧКсы, «Киртаун Лайн» ЖЧКсы, «Кыргыз-Эт», «Aiko Seiko» ЖЧКсы, «Алыш-Дан Органик» кооперативи, «Улай Стиль» ЖЧКсы, «Экопродукт Азия» ЖЧКсы жана «Империал Групп Компани» компаниялары тууралуу маалымат берилген.

Көргөзмөнүн жыйынтыгында CAVEX - B2B форматындагы онлайн жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий