• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын туркомпаниялары “Жибек Жолдогу туризм” жарманкесине катышат

Коом 0

ТАШКЕНТ, 16.08.17. /Толонбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстандын туристтик компаниялары 2017-жылдын 3-5-октябрында өтө турган “Жибек Жолундагы туризм” Ташкент эл аралык туристтик жарманкесине катышышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин кабарчысына Өзбекстандын Мамтурком басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө көргөзмөгө Доминикан Республикасынын, Египет, Сингапур жана Малайзиянын өкүлдөрү катышууда.

Жарманкенин программасында “Жибек жолунун даамы” улуттук тамак-аш фестивалы өтүп, анын башкы темасы Жибек Жолу боюнча гастрономиялык саякат болуп саналат.

Бул жарманкенин алкагында “Жибек жолу эл аралык туризмдин тарыхый өнүгүү проекциясында” конференциясы өтөт.

Конференция Хивада 6-октябрда өтмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий