• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын тынчтык орнотуучу аскердик контингенти Казакстанга жөнөп кетти – сүрөт, видео

Коом 0


Бишкек, 07.01.22. /Кабар/. ЖККУнун алкагында Кыргызстандын тынчтык орнотуучу аскердик контингенти Казакстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 150 жоокер, 8 зооттолгон техника жана 11 аскердик автоунаа "Кант" аскер базасынан Казакстанга жөнөп кеткен.

"Кыргызстандын тынчтык орнотуучуларынын катарында тажрыйбалуу офицерлер жана контракттык аскер кызматындагылар бар. Алардын негизги милдети коңшу мамлекеттин өзгөчө маанилүү жана стратегиялык объектилерин коргоо жана кайтаруу болот", - деп айтылат маалыматта.

Аскердик контингентти жөнөтүү чечими 2022-жылдын 7-январында кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий