• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстандын тынчтык орнотуучу күчтөрү Алматыга келди

Коом 0

Бишкек, 07.01.22. /Кабар/. Россиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн учактары Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн алкагында кыргызстандык аскерлерди Алматыга жеткиргенин РИА Новости Россиянын Коргоо министрлигине таянуу менен билдирди.

“ЖККУнун тынчтык күчтөрүнүн алкагында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу контингенти аскердик техникасы менен КРдагы Кант аэродромунан Казакстандын Алматы аэродромуна Россиянын Ил-76 аскердик-транспорттук учагы менен жеткирилди», - деп билдирди Россиянын Коргоо министрлиги.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү башаламандыктарга байланыштуу аскердик жардам сурады. ЖККУ Казакстанга жамааттык бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү чечимин кабыл алды, анын курамына Кыргызстан, Армения, Россия, Беларусь жана Тажикстандын аскер кызматкерлери кирет. Алар административдик жана дипломатиялык имараттарды кайтарып, жергиликтүү аскерлерге тартипти сактоого жардам беришет. Бириккен топтун аракеттерине Орусиянын Аскер-аба-десант күчтөрүнүн командачысы, генерал-полковник Андрей Сердюков жооптуу.

Эскерте кетсек, Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Алгач өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларынын тургундары суюлтулган газдын эки эсе кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. Алматада 4-5-январда коопсуздук кызматкерлери менен кагылышуу болуп, полиция газ жана үн чыгаруучу гранаталарды колдонгон. Казакстанда интернет өчүрүлүп, бир катар телеканалдардын көрсөтүүсү убактылуу токтотулган. 19-январга чейин Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилген.

19-январга чейин Казакстанда өзгөчө абал режими күчүндө, бийлик аянттарды акциянын катышуучуларынан тазалоодо.

5-январда эртең менен өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, республиканын Коопсуздук кеңешин жетектеп, анын биринчи жыйынында Казакстандагы абалды "мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу" деп атап, ЖККУга "террордук коркунучту жеңүүгө" жардам сурап кайрылган. ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши Казакстанга Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. Күчтөр өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу максатында чектелген мөөнөткө жөнөтүлөт.

Токаев жума күнү террорчулар, анын ичинде чет өлкөдөн келгендер каршылык көрсөтүүнү улантып жатканын айтты. Ал куралын таштабагандардын барын жок кылууга убада берип, бийлик жарандардын тынч формада айтылган бардык талаптарын укканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий