• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 464 млн. долларды түзөт

Экономика 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 464 млн. АКШ долларын түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Каржы министрлигинин Борбордук казыначылыктын директорунун орун басары Марлен Амандыков кабарлады.

Анын айтуусунда, анын ичинен 85,7%ы тышкы карыз, 14,3% - ички карыз.

“2018-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө 23 млрд. 741,3 млн. сом жумшалды. Анын ичинен пайыздарды төлөөгө 7 млрд. 76,4 млн.сом. жумшалган. Атап айтканда, тышкы карыз боюнча - 3 млрд. 697,3 млн. сом, ал эми ички карыз боюнча - 3 млрд. 379, 1 млн. сом сарпталган. Карыздын негизги суммасын тындырууга - 16 млрд. 664,9 млн. сом, анын ичинен тышкы карыз боюнча 8 млрд. 245,5 млн. сом, ички карыз боюнча – 8 млрд. 419,4 млн. сом сарпталган”, - деп белгиледи ал.

Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов кошумчалагандай, мамлекеттик карыз ички дүң продукциясына (ИДП) карата 56%ды түзөт. Анын ичинен тышкы карыз - 48%, ички карыз – 8%ды түзөт.

“2018-жылы биз тышкы карыздын суммасын төмөндөтө алдык. 2017-жылы бул сандар 53,1%ды түзгөн. Биз сырткы карызды төмөндөтүп, ички карызды жогорулатуу үчүн аракеттерди көрүп жатабыз”, - деп түшүндүрдү Азимов.

Пикир

Оставить комментарий