• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2019-жылдын 11 айында $6 млрд түздү – статистика

Экономика 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2019-жылдын 11 айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 6 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын январь-ноябрь айына караганда тышкы соода жүгүртүү 2,6%га төмөндөгөн. Ошол эле учурда экспорт 9,4%га артса, импорт 6,6%га азайган.

"2019-жылдын 11 айында ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон соода 2 млрд доллардан ашып, мурунку жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 4,2%га азайган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий