• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2020-жылдын 11 айында $5,1 млрд түздү

Экономика 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2020-жылдын 11 айында 5,1 млрд АКШ долларын түздү. Бул тууралуу маалымат жыйында улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бул көрсөткүч 2019-жылдын январь-ноябрь айына салыштармалуу 19,2%га төмөндөгөн.

«Аталган мезгил аралыгында экспорт 1,7%га жогорулап, импорт 27,3 пайызга кыскарган», - деди Султанов.

Пикир

Оставить комментарий