• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү январь-апрель айларында 1,7 млрд долларды түзгөн

Экономика 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2020-жылдын январь-апрель айларында 1 млрд 753,9 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

2019-жылга (январь-апрель) салыштырмалуу тышкы соода жүгүртүү 21,1 пайызга төмөндөгөн. Ошол эле учурда экспорт 2,7 пайызга көбөйүп, импорт 31,4 пайызга азайган.

ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 764,5 млн долларды түзүп, 2019-жылга (январь-апрель) салыштырмалуу 8,1 пайызга азайган.

Ошол эле учурда экспорт 17,4 пайызга, ал эми импорт 5,2 пайызга азайган. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен (Кыргызстан менен) өз ара соода жүгүртүү боюнча алдыңкы орунда Россия (69,7%) жана Казакстан (28,5%) турат.

Пикир

Оставить комментарий