• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү $6,3 млрд түздү

Экономика 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2021-жылдын январь-ноябрына карата 6,3 млрд АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 21,4 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу маалымат жыйында Статкомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын маалыматына караганда, мында экспорттук жөнөтүүлөр 20,1 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче 43,9 пайызга жогорулады.

"Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2021-жылдын январь-ноябрына карата 2,9 млрд АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-ноябрына салыштырганда 31,4 пайызга өстү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 30,4 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 31,7 пайызга жогоруланган. Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү январь-августта Россияга (65,5 пайыз) жана Казакстанга (32 пайызга) туура келди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий