• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 835 млн долларды түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү, алдын ала маалыматтар боюнча, 2023-жылдын январында болжол менен 835 млн долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,2%га өскөн. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева билдирди.

Анын айтымында, соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорт 15%ды, импорт 85%ды түздү.

2023-жылдын январында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 268,5 млн АКШ долларын түзүп, 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу 9,6%га азайган. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (60,3%) жана Казакстанга (36,8%) туура келген.

Үчүнчү өлкөлөр менен тышкы сооданын көлөмү (ЕАЭБден тышкары) 566,2 млн долларды түзүп, 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу 43,2%га өстү.

Пикир

Оставить комментарий